• Мектеп жөнүндө маалымат

          • Биздин мектеп 5 күндүк толук окуу күн тартиби менен иштейт

          • Сабактар саат 9:00'дөн, 16:30'га чейин жүргүзүлөт

          • Англис, түрк тилдерин чет өлкөлүк мугалимдер окутушат

          • Күндүн экинчи жарымында окуучулардын кызыгуусун, чыгармачыл жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүүчү факультативдик сабактар, ийримдер уюштурулган. Робототехника, таэквондо, шахмат, вокал, комуз, бий, футбол, актердук чеберчилик, кол өнөрчүлүк, көркөм өнөр, кытай тили, Манас айтуу ж.б. ийримдер окуучуларыбыздын ар тараптуу өнүгүүсүнө жардам берет.

          • Мектеп үч маал тамак менен камсыздайт.

          • Мектеп жогорку билимдүү, дасыккан, тажрыйбалуу педагогикалык кадрлар менен  толук  камсыздалган.

          • 9 мугалим билим берүүнүн мыктысы,  2 мугалим «Алиппе» окуу китебинин соавторлору.

          • Мектепте ар бир класста класс жетекчи менен бирге ассистенттер да эмгектенишет.

        • Мектептин бүтүрүүчүсүнүн модели

          • Үзгүлтүксүз инсандык өнүгүүгө умтулган ар тараптан өнүккөн, акылдуу жана адептүү инсандын калыптанышы.
          • Жарандык укугун жана милдетин билүү менен коомдо жашоонун моралдык-укуктук эрежелерин сактай алат.
          • Таанып-билүүсүн өнүктүрүүгө умтулуу менен билимин толуктап, колдоно алат.
          • Өз мекенин сүйүп, улуттун маданиятын, тарыхын, каада-салтын баалап, сактай билет, көркөм-эстетикалык табитин, ой-жүгүртүүсүн кеңейтүүнү үйрөнөт.
          • Дүйнө таанымы артып, жаратылыштын ар түрдүү табигый кубулуу мыйзамдарын билүүгө терең аракеттенет.
          • Ден соолугуна жоопкерчилик менен мамиле кылып, сергек жашоонун багыттарын билет.
          • Өзүнүн ишмердүүлүгүн уюштуруп, жетектеп, жыйынтыктоо менен кийинки чекти белгилейт, умтулат.


      • көрсөтө турган маалымат жок
    • Байланыш

      • "Сейтек" толук эмес жалпы билим берүү мектеби
      • +996 (312) 44-74-30;
        +996 (708) 00-51-51;
        +996 (990) 00-51-51 (WhatsApp);
      • Бишкек шаары, Тунгуч кичирайону, Анкара көчөсү 15
        720048 Бишкек
        Kyrgyzstan
  • Фотогалерея

      көрсөтө турган маалымат жок