1-жарым жылдыкты жыйынтыктап жатып, 5-А классы "Менин идеялдуу күнүм" деген темада класстык саат өткөрдү жана окуучуларга номинациялар боюнча мактоо баракчасы тапшырылды.
"Менин идеялдуу күнүм"
- 5
Биздин балдар - боорукер окуучулар!!!
- 1
«Кызыл ай» коому уюштурган мүмкүнчүлүгү чектелген жана балдар үйүндө тарбияланып жаткан балдарга биздин окуучулар белектерин жөнөтүштү. Башкаларга жагымдуу маанай тартуулоо кандай жакшы. Биздин балдар - боорукер окуучулар!!!
«Жылдын мыкты телесабагы – 2020»
4-Б классынын класс жетекчиси Асаналиева Майрам Мукашевна «Мугалим» илимий педагогикалык журналынын «Жылдын мыкты телесабагы – 2020» номинациясынын диплому жана «Мугалим» төш белгиси менен сыйланды. Урматтуу Майрам Мукашевна, сыйлыгыңыз кут болсун!
КР Билим берүү жана илим министрлигинин ыраазычылыгы
- 13
Мугалим... Бул сөздүн канчалык мааниси бар. Мугалим урматтоону, жакынына болгон сүйүүнү, түбөлүктүү баалуулуктарды үйрөтөт. Эрезеге жеткенге жардам берет. Окуучулардын жан дүйнөсүнө адеп-ахлактык түшүнүктөрдү калыптандырат. Коомубуздун өнүгүшүндө мугалимдин орду ченемсиз.
Биздин мектептин мугалимдери телесабактарды жаздырууда өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп, КР Билим берүү жана илим министрлигинин ыраазычылыгына ээ болушту. Сыйлык тапшыруу аземи «Сейтек» мектебинде өтүп, окуучулардын концерттик программасы менен коштолду.
Үзүрлүү эмгегиңиздер, чыдамкайлыгыңыздар аркылуу ар бир баладан талант таба аласыздар. Сиздерге ден-соолук, ийгилик жана бакубат жашоо каалайбыз!
Республикалык жаш манасчылардын кароо-сынагы
- 2
Республикалык жаш манасчылардын кароо-сынагына биздин мектептин окуучулары катышып 5-Б классынын окуучусу Төлөгөнов Нурамин 2-орунга жана 4-Г классынын окуучусу Акжолов Умар, 5-Б классынын окуучусу Курманбеков Ариет ардак грамота жана кызыктыруучу белектер менен сыйланды. Окуучуларыбызды жетишкен ийгиликтери менен куттуктайбыз жана даярдаган мугалими Асанаалы агайга ыраазычылык билдиребиз!!!
Карикатура конкурсу
- 2
«Сапат» билим берүү мекемеси тарабынан -класстар арасында «Гаджеттердин адамдын сезүү органдарына тийгизген таасири» жана -класстар арасында «Тазалык ден-соолуктун мүлкү» деген темаларда карикатура конкурсу өткөрүлгөн. Иш-чарага биздин окуучулар да жигердүү катышып, 5-Г классынын окуучусу Насирдинова Дильназ -орунга, 6-Б классынын окуучусу Турдубекова Элиза -орунга ээ болушту. Жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз!!!
Китепсиз өскөн бала, суусуз өскөн даракка окшош
- 4
Китеп окуу жумалыгына карата "Китепсиз өскөн бала, суусуз өскөн даракка окшош" деген темада 2-класстардын арасында тарбиялык саат өттү.
Интернет китепти алмаштыра алабы?
- 2
Окуучулардын сынчыл ой жүгүртүү аркылуу оюн ачык, даана, так айтып берүү, эл арасында эркин сүйлөө жөндөмдүүлүгүн өстүрүү, өзүнүн жана башкалардын ой-пикирин анализдей билүүгө үйрөтүү максатында 6-класстын окуучуларынын арасында дебат башталды. Дебатта окуучулар «ырастоочу» жана «төгүндөөчү» болуп эки топко бөлүнүп, ар жума сайын өткөрүлүп турмакчы. Бүгүнкү талкуу «Интернет китепти алмаштыра алабы?» теманын негизинде болду.
Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата сүрөт тартуу
- 2
Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата биздин окуучулар жазуучунун чыгармаларынан бир элес чагылдырып сүрөт тартуу конкурсуна катышкан. Жыйынтыгында:
1-орун 4-В классынын окуучусу Матраимова Айбике
2-орун 4-Б классынын окуучусу Бакытбек кызы Алиман
2-орун 4-Б классынын окуучусу Алмазова Каныкей
2-орун 4-В классынын окуучусу Жороканова Дарья
2-орун 4-В классынын окуучусу Исламов Саид
2-орун 4-Г классынын окуучусу Арстанбекова Азиза
3-орун 4-Г классынын окуучусу Кыран кызы Айдана
3-орун 4-В классынын окуучусу Кошубакова Амина
3-орун 2-В классынын окуучусу Иманудинов Демир
3-орун 4-Г классынын окуучусу Сейитбеков Амир
Окуучуларды куттуктайбыз!!!
Бүгүн Мамлекеттик гимн күнү
- 8
Бүгүн Мамлекеттик гимн күнү. Гимн 1992-жылы Жогорку Кеңештин 18-декабрдагы токтому менен бекитилген. Достор, силер гимнди канча жашыңарда жаттадыңар? "Сейтек" мектебинин окуучулары -классынан баштап гимнди жатка айтуу жана аткаруу адебин билишет.
Печенье жасоо
- 3
Бүгүн «Наристе» тайпасынын окуучулары таттуу печенье жасаганды үйрөнүштү жана чай саатында класста бирге тамактанышты. Биздин окуучулар билим алуу менен гана чектелбестен ар тараптуу өнүгүүгө багыт алышат. Азаматсыңар, жаш жеткинчектер!!!
15-декабрь - Чай күнү
- 10
15-декабрь - Чай күнүнө карата 6-класстардын окуучулары ар улуттун чай ичүү жөрөлгөсү менен тааныштырып, 5-класстарга даам сыздырышты.
Ыраазычылык кат
6-Б классынын окуучусу Кайыпов Мустафа белгилүү ырчы айым Анжелика Кайратованын колунан ыраазычылык катын алды. Мустафа Covid-19 илдети менен болгон күрөштө ыктыярчыларга кошулуп, жаш болсо жарандык милдетин аткарган. Азаматсың!!!
Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата «Акыл ордо» таймашы
- 2
12-декабрь - Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата ар бир 6-класстын окуучулары класс ичинде Айтматовдун чыгармалары боюнча «Акыл ордо» таймашын өткөрүштү. Окуучулар улуу жазуучу жөнүндө дагы да кеңири маалыматка ээ болушту деген ишеничтебиз.
Олимпиадага Даярдоо Сынагы
- 4
Бүгүнкү сүйлөшүү жана эртең мененки тамактануу 5-класстын окуучуларынын ОДСдагы (Олимпиадага Даярдоо Сынагы) мыктылары менен бирге болду. Окуучуларыбызга ийгилик каалайбыз!!!
Түркчө китеп окуу
- 4
2-чейректин башында 3-4-класстардын жана 5-6-класстардын арасында түркчө китеп окуу конкурсу башталган. Бүгүн жыйынтыгы чыгып, китеп дүкөнүнө чектер берилди.
5-6-класстардан:
1-орун 6-А классынын окуучусу Рахманалиева Айтунук
2-орун 6-А классынын окуучусу Каирдинов Атай
3-орун 5-А классынын окуучусу Акматжанов Эмин
3-4-класстардан:
1-орун 4-Г классынын окуучусу Кыран кызы Айдана
2-орун 4-Г классынын окуучусу Арстанбекова Азиза
3-орун 4-Г классынын окуучусу Акжолов Умар
Окуучуларыбызды куттуктайбыз!!!
Манас күнү
4-декабрь «Манас күнүнө» карата Талас облусундагы «Манас» ордо комплексинде өткөрүлгөн маданий иш-чарада мектебибиздин «Манас» айтуу жана кытай тили ийриминин мугалими, белгилүү манасчы Калил уулу Асаналы агай "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланды. Агайыбызды куттуктайбыз!!!
Олимпиадага Даярдоо Сынагы
Бүгүн ОДС’да (Олимпиадага Даярдоо Сынагы) мыкты көрсөткүчкө жетишкен окуучулар мектеп жетекчилиги менен жолугушту. Сүйлөшүү тамактануу менен бирге уланды. Окуучуларыбызга ийгилик каалайбыз!!!
"Текчедеги кичинекей бакчам"
- 5
4-класстын окуучуларына "Текчедеги кичинекей бакчам" деген аталышта урукту топуракка туура себүү жана анын өсүп жетилишине кам көрүү боюнча иш-чара болуп өттү. Эми биздин окуучулар өз алдынча жогорудагы иштерди аткара алышат. Азаматсыңар!!!
Интернеттеги социалдык тармактар пайдалуубу?
- 12
5-класста окуган кыздар арасында «Интернеттеги социалдык тармактар пайдалуубу?» деген темада дебат өткөрүлдү. Иш-чаранын максаты класстар арасындагы ынтымакты бекемдөө жана ар бир окуучу өзүнүн жеке оюн эркин айтып берүүсүнө багытталган. Мындай иш-чаралар дагы да уланмакчы...