Бизде таланттуу 👩🎓 окуучулар абдан көп. Алардын бири 2-Г классынын окуучусу Бекболотова Адеми "Өз тилиңди сүй, баркта жана бил!" деген аталыштагы гимнастикалык ✨ конкурсунун Ардак грамотасы менен сыйланды. Куттуктайбыз!!!💐💐💐#СейтекТунгуч#СейтекМектеби#школасейтек#primaryschool#SeitekTunguch#sapatprimaryschools#sapatschools#начальнаяшколасапат#сапатбашталгычмектептери#sapatprimary
Бекболотова Адеми
Таэквондо боюнча «Манас» спорт клубунун кубогу
Таэквондо ийримине катышкан окуучулар «Манас» спорт клубунун кубогу үчүн күч сынашып, байгелүү орундарды багындырышты.
1-орун 3-Г классынын окуучусу Ботояров Эрулан
2-орун 6-А классынын окуучусу Худайбердиева Айжанель
2-орун 4-В классынын окуучусу Исламов Саид
3-орун 3-Г классынын окуучусу Нурлан Эрхан
3-орун 4-В классынын окуучусу Токуров Саид
3-орун 4-А классынын окуучусу Файзуллаев Али
3-орун 4-А классынын окуучусу Икрамидинов Рамиз
3-орун 3-А классынын окуучусу Жекшенбаев Айхан
Окуучуларыбыз менен сыймыктанабыз!!!
#СейтекТунгуч
#СейтекМектеби
#школасейтек
#primaryschool
#SeitekTunguch
#sapatprimaryschools
#sapatschools
#начальнаяшколасапат
#сапатбашталгычмектептери
#sapatprimary
"Сулуу кол жазма" конкурсу
Аз убакыт өткөнүнө карабастан 1-класстын окуучулары туура, катасыз, сулуу, сабаттуу жазганды үйрөнүп жатышат. Бүгүн 1-класстар арасында "Сулуу кол жазма" конкурсу болуп, жыйынтыгы төмөндөгүчө болду.
1-орун 1-Г классынын окуучусу Таштанов Чыңгыз
1-орун 1-Г классынын окуучусу Махматова Айбийке
1-орун 1-Д классынын окуучусу Шабданбекова Зейнеп
2-орун 1-Б классынын окуучусу Арзыкулова Марьям
2-орун 1-Б классынын окуучусу Эралидинова Аделя
3-орун 1-В классынын окуучусу Ураимов Нурахмед
3-орун 1-Б классынын окуучусу Алтынбеков Нуркамиль
3-орун 1-Д классынын окуучусу Сулпукарова Даткайым
3-орун 1-В классынын окуучусу Кенжебекова Камила
3-орун 1-А классынын окуучусу Каныбекова Алия
23-февраль - Ата Мекенди коргоочулардын күнү
- 11
23-февраль - Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата 5-Д классынын окуучулары бардык 5-класстарга концерттик иш-чара тартуулашты. Концерт ыр-бий, тамашоу жана конкурсттук оюндар менен коштолду. Жагымдуу кеч тартуулаган 5-Д классына жана мугалимдерине ыраазычылык билдиребиз.
Penfriend
4-класстар арасында «Penfriend» конкурсу болду. Конкурстун шарты боюнча окуучулар жакын досторуна англис тилинде кат жазышат. Эң оргиналдуу каттарга белектер берилди.
3
Келечекке кат
6-класстын окуучулары келечекке кат жазышты. Катта алдыдагы 5 жылга койгон максаттары, пландары жазылган. 2026-жылы келип ачышат. Окуучулардын ой-максаттарынын ишке ашуусуна тилектешпиз!!!
24
14-февраль - Эл аралык китеп белек берүү күнү
- 14
5-А классынын 14-февраль - Эл аралык китеп белек берүү күнүнө арналган "Көп окуган көптү" билет аттуу иш-чарасынан элестер.
Белгилүү манасчы Дөөлөт Сыдыков мырза бизде конокто
- 6
Белгилүү манасчы Дөөлөт Сыдыков мырза бизде конокто болду. Окуучулар менен жолугушууда Манас үчилтигинин «Сейтек» бөлүмүнөн үзүндү айтып берип, балдардын кызыккан суроолоруна жооп берди. Дөөлөт агайга чыгармачылык ийгилик каалайбыз!!!
#sapatprimaryschools
3-класстар арасында кол өнөрчүлүк конкурсу
- 21
3-класстар арасында кол өнөрчүлүк конкурсу.
“English Zone”
- 8
Бизде жагымдуу жаңылык! Окуучулардын англис тилин дагы да мыктап үйрөнүүсүнө шарт түзүү максатында “English Zone” аталышында 2 класстын ачылышы болду. Окуучулар бул класстардын эшигин аттагандан баштап, англис тилинде гана сүйлөшүү керек. Мектеп жетекчилиги ата-энелер комитети менен биргеликте кабинеттердин ачылыш лентасын кесип, окуучулардын сабактарына катышты.
#englishzone
Илбирс кышкы кубогу
Футбол ийримине катышкан окуучуларыбызды куттуктайбыз. Алар «Илбирс» футбол клубу уюштурган «Илбирс кышкы кубогун» жеңип, 1-орунду алышты. Турнирге 6 команда катышып, Дордой, Спартак, Илбирс өңдүү командаларын артка калтырып, жеңишке жетишти. Тренери Алтынбек агайга ыраазычылык билдиребиз!!!
Англис тили жумалыгы
- 17
Бизде англис тили жумалыгы башталды. Мыкты жасалгалоо менен баарыбызды англис тилчи мугалимдер тосуп алышты. Берилген тапшырманы туура аткаргандарга конфеттер берилди. Жумалык 12-февралга чейин уланат.
Куурчак театр
- 13
Өспүрүмдөрдүн чыгармачыл жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө көмөктөшүү, элибиздин тарыхый жана маданий мурастарын кийинки муунга жеткирүү максатында 4-класстардын окуучулары эжекелери менен биргеликте куурчак театр даярдашып, 1-класстын окуучуларына аткарып беришти. Уюштуруучуларга ыраазычылык билдиребиз!!!
Орус тилинде китеп окуу конкурсу
- 2
Орус тилинде китеп окуу конкурсу аяктады. Окурмандар эки топто 3-4-класстар жана 5-6-класстар арасында жарышып, эң көп окугандарга «Раритет» китеп дүкөнүнө сертификаттар берилди.
3-4-класстар арасында:
1-орун 4-А классынын окуучусу Турганбаева Эркайым
2-орун 3-В классынын окуучусу Насирдинова Жаңылай
3-орун 4-А классынын окуучусу Аширбекова Лейсан
5-6-класстар арасында:
1-орун 5-Г классынын окуучусу Нуркалиев Улан
2-орун 6-В классынын окуучусу Бекболотов Бекнур
3-орун 6-Б классынын окуучусу Макешов Чыңгыз
Окуучуларды куттуктайбыз!!!
#китепокуу
«Жашылча өстүрөбүз»
- 18
Окуучуларга мектеп жашынан табият менен таттуу мамиледе болууга үйрөтүү максатында ««Жашылча өстүрөбүз» деген аталышта урук сээп, өстүрүү иш-чарасы болуп келет. 2-класстын окуучулары мугалим эжейлеринин жардамы менен урукту кантип туура сээп, өстүрүү керектигин үйрөнүштү.
Канаттуларга кам көрүү
- 6
Окуучуларга табиятка аяр мамиле кылууну үйрөтүү максатында кыштоочу канаттууларга жем жей турган акыр жасап, орнотуу иш-чарасы болду. Бардык 6-класстар жигердүү катышып, мектепке жакын жайгашкан парктагы бактарга илишти.