3-класстар арасында витаминдер күнүнө карата иш-чара болуп өттү. Ар бир класс витаминдердин ден соолукка пайдалары жөнүндө кеңири маалымат беришти. Кышында витаминдердин жардамы менен организмди күчтөндүрөбүз!!! @sapatprimary
Витаминдер күнү
- 11
"КЕВА блокс" акыл оюну
Окуучулар логика сабагында. "КЕВА блокс" акыл оюнунун жардамы менен курулуш иштерин жасап жатышат.
Жумуртканы сындырба
- 22
18-январдан 22-январга чейин түрк тили кафедрасы 3-4-класстардын арасында «Жумуртканы сындырба» деген аталышта конкурс жарыялады. Конкурстун шарты боюнча окуучулар чийки жумуртканын сыртын кооздоп , күн сайын мектепке алып келип түрк тили мугалимине көргөзүп турушат жана шарттарды так аткаргандарга белектер берилет. Иш-чаранын максаты окуучулардын өз буюмдарына аяр жана жоопкерчиликтүү мамиле кылууга үйрөтөт. Уюштуруучуларга ыраазычылык !!!
«Сапат» башталгыч мектептери
Урматтуу ата-энелер!!!
«Сапат» билим берүү мекемесинин башталгыч класстары боюнча бирдиктүү социалдык түйүндөрү ачылды. Мындан ары башталгыч класстар боюнча маалыматтарды дал ушул жерден алсаңыздар болот. Анда жазылабыз!!!
Instagram: @sapatschools
Facebook: @sapatschools
Youtube: https://www.youtube.com/channel/UCgGPwesvBg9lJs-Kqdf1ENQ
Окуучулар шахмат ойноп жатышат
Биздин окуучулар шахмат ойноп жатышат. Шахмат ойноп жаткан учурда мээнин оң жана сол жарым шарлары бир учурда иштейт. Алардын шайкеш өнүгүшүнө шахматтын таасири чоң. Андыктан балдарыңыздар менен көп-көп шахмат ойноңуздар.
Эс алуу учуру
- 12
Мектепте түшкү тамактан кийинки дем алуу учуру. Кышкы каникулда бири-бирин сагынып калган достор, кар менен ойноп, бакчанын көркүн чыгарып чер жазышты.
3-чейректеги иш-чаралар
- 2
Урматтуу окуучулар!
3-чейректе өткөрүлө турган иш-чараларга активдүү катышып, ийгиликтерди багындырабыз!!!
Китепкөй окуучулар
Биз жыл сайын 1-2-жарым жылдыктын аягында эң көп китеп окуган окуучуларга белектерди тапшырабыз. 2020-2021-окуу жылынын 1-жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча:
3-4-класстар арасында
1-орун Файзуллаев Умар 4-А классынын окуучусу
2-орун Рахманалиева Иманнур 3-В классынын окуучусу
3-орун Асранбекова Лейла 3-В классынын окуучусу
5-6-класстар арасында
1-орун Макешов Чыңгыз 6-Б классынын окуучусу
2-орун Сабир Жарулло 6-А классынын окуучусу
3-орун Нуркалиев Улан 5-Г классынын окуучусу
Китепкөй окуучуларыбызды ийгиликтери менен куттуктайбыз!!!
#китепокуу
3-чейрек башталды
Эл аралык HIPPO-2020 олимпиадасы
4-А классынын окуучусу Аширбекова Лейсан Эл аралык HIPPO-2020 олимпиадасына катышып, 1-2-3-турунан ийгиликтүү өтүп, финалга чыгып катышуучу болду. Олимпиадага бул жылы 52 өклкөдөн окуучулар катышып, финалдык тур дүйнөдөгү кырдаалга байланыштуу аралыктан өттү. Лейсанды жетишкен ийгилиги менен куттуктайбыз !!!
Жаңы жылыңыздар менен!!!
Жаңы жылыңыздар менен!!!
"Менин идеялдуу күнүм"
- 5
1-жарым жылдыкты жыйынтыктап жатып, 5-А классы "Менин идеялдуу күнүм" деген темада класстык саат өткөрдү жана окуучуларга номинациялар боюнча мактоо баракчасы тапшырылды.
Биздин балдар - боорукер окуучулар!!!
- 1
«Кызыл ай» коому уюштурган мүмкүнчүлүгү чектелген жана балдар үйүндө тарбияланып жаткан балдарга биздин окуучулар белектерин жөнөтүштү. Башкаларга жагымдуу маанай тартуулоо кандай жакшы. Биздин балдар - боорукер окуучулар!!!
«Жылдын мыкты телесабагы – 2020»
4-Б классынын класс жетекчиси Асаналиева Майрам Мукашевна «Мугалим» илимий педагогикалык журналынын «Жылдын мыкты телесабагы – 2020» номинациясынын диплому жана «Мугалим» төш белгиси менен сыйланды. Урматтуу Майрам Мукашевна, сыйлыгыңыз кут болсун!
КР Билим берүү жана илим министрлигинин ыраазычылыгы
- 13
Мугалим... Бул сөздүн канчалык мааниси бар. Мугалим урматтоону, жакынына болгон сүйүүнү, түбөлүктүү баалуулуктарды үйрөтөт. Эрезеге жеткенге жардам берет. Окуучулардын жан дүйнөсүнө адеп-ахлактык түшүнүктөрдү калыптандырат. Коомубуздун өнүгүшүндө мугалимдин орду ченемсиз.
Биздин мектептин мугалимдери телесабактарды жаздырууда өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп, КР Билим берүү жана илим министрлигинин ыраазычылыгына ээ болушту. Сыйлык тапшыруу аземи «Сейтек» мектебинде өтүп, окуучулардын концерттик программасы менен коштолду.
Үзүрлүү эмгегиңиздер, чыдамкайлыгыңыздар аркылуу ар бир баладан талант таба аласыздар. Сиздерге ден-соолук, ийгилик жана бакубат жашоо каалайбыз!
Республикалык жаш манасчылардын кароо-сынагы
- 2
Республикалык жаш манасчылардын кароо-сынагына биздин мектептин окуучулары катышып 5-Б классынын окуучусу Төлөгөнов Нурамин 2-орунга жана 4-Г классынын окуучусу Акжолов Умар, 5-Б классынын окуучусу Курманбеков Ариет ардак грамота жана кызыктыруучу белектер менен сыйланды. Окуучуларыбызды жетишкен ийгиликтери менен куттуктайбыз жана даярдаган мугалими Асанаалы агайга ыраазычылык билдиребиз!!!
Карикатура конкурсу
- 2
«Сапат» билим берүү мекемеси тарабынан -класстар арасында «Гаджеттердин адамдын сезүү органдарына тийгизген таасири» жана -класстар арасында «Тазалык ден-соолуктун мүлкү» деген темаларда карикатура конкурсу өткөрүлгөн. Иш-чарага биздин окуучулар да жигердүү катышып, 5-Г классынын окуучусу Насирдинова Дильназ -орунга, 6-Б классынын окуучусу Турдубекова Элиза -орунга ээ болушту. Жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз!!!
Китепсиз өскөн бала, суусуз өскөн даракка окшош
- 4
Китеп окуу жумалыгына карата "Китепсиз өскөн бала, суусуз өскөн даракка окшош" деген темада 2-класстардын арасында тарбиялык саат өттү.
Интернет китепти алмаштыра алабы?
- 2
Окуучулардын сынчыл ой жүгүртүү аркылуу оюн ачык, даана, так айтып берүү, эл арасында эркин сүйлөө жөндөмдүүлүгүн өстүрүү, өзүнүн жана башкалардын ой-пикирин анализдей билүүгө үйрөтүү максатында 6-класстын окуучуларынын арасында дебат башталды. Дебатта окуучулар «ырастоочу» жана «төгүндөөчү» болуп эки топко бөлүнүп, ар жума сайын өткөрүлүп турмакчы. Бүгүнкү талкуу «Интернет китепти алмаштыра алабы?» теманын негизинде болду.