Окуучуларыбызга жолдо жүрүүнүн эрежелерин үйрөтүү максатында 1-класстын окуучуларына эстафета түрүндө таймаш өткөрүлдү. Иш-чарабыз көңүлдүү өткөнүн балдардын жүзүнөн байкасаңыздар болот.
Жаңылыктар
Окуучуларга жолдо жүрүүнүн эрежелерин үйрөтүү
- 15
“Эне тилим – кыргыз тил, өз тилиңдин баркын бил!”
Эртең 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнү. Биздин мектепте “Эне тилим –кыргыз тил, өз тилиңдин баркын бил!”- деген аталышта тил майрамына карата кыргыз тили жумалыгы башталат. Жумалыктан көрүшкөнчө!!!
#СейтекТунгуч
#СейтекМектеби
#школасейтек
#primaryschool
#SeitekTunguch
#кыргызтили
Вебинар: «Заманбап балдарды тарбиялоодогу ата-эненин ролу»
Мектеп психологунун жылдык планынын негизинде, социалдык өнөктөш катары билим берүү жана тарбиялоо жаатындагы тажрыйбалуу тренерлерди чакыруу жана биргеликте иш жүргүзүү максатында 23.09.20 Саат 21:00’дө Эл аралык коуч, жашоого машыктыруучу Максат Муктаров @maksat_muktarov «Заманбап балдарды тарбиялоодогу ата-эненин ролу» деген темада ата-энелер үчүн мектептин инстаграм баракчасы аркылуу @seitek.school вебинар өтөт. Баарыңыздарды күтөбүз!!!
Постерлер
Урматтуу окуучулар! Келе жаткан жумаларда өтүлчү иш-чаралардын постерлерин жарыялайбыз. Жигердүү катышат деген ишеничтебиз!!!
"Сапат" башталгыч мектептери
Вебинар: "УСТАТТЫК ӨНӨР - ПЕДАГОГИКАЛЫК ЧЕБЕРЧИЛИК".
18.09.20 саат 20:00’дө мектеп психологунун жылдык планынын негизинде, социалдык өнөктөш катары билим берүү жана тарбиялоо жаатындагы тажрыйбалуу тренерлерди чакыруу жана биргеликте иш жүргүзүү максатында КРнын эмгек сиңирген мугалими, "Энелер мектебинин" негиздөөчүсү, педагогика илимдеринин кандидаты Гапыр Мадаминов агай педагогдорго онлайн семинар өтөт. Темасы: "УСТАТТЫК ӨНӨР - ПЕДАГОГИКАЛЫК ЧЕБЕРЧИЛИК".
Окуучулар логика сабагында
- 7
Окуучулар логика сабагында "КЕВА блокс" акыл оюну менен бийиктик курулуштарын жасап жатышат. Келечектин архитекторлору менен таанышыңыздар.
Кыргызстандын картасын чийүү
- 5
3-класстын окуучулары арасында «Кыргызстандын картасын чийүү» конкурсу аяктады. Биздин окуучулардын чеберчилигин сиздер менен бөлүшөбүз.
Коопсуздук чаралар
Мектепте кырдаалга байланыштуу бардык коопсуздук чаралар көрүлүп, санитардык эпидемиологиялык талаптар сакталып жатат.
Аралыктан окутуудагы ата-эненин ролу
Мектеп психологунун жылдык планынын негизинде, социалдык өнөктөш катары билим берүү жана тарбиялоо жаатындагы тажрыйбалуу тренерлерди чакыруу жана биргеликте иш жүргүзүү максатында КР эмгек сиңирген мугалими, "Энелер мектебинин" негиздөөчүсү Гапыр Мадаминов агай жана мектеп психологу Сумая Асанова эжей менен биргеликте «Аралыктан окутуудагы ата-эненин ролу» деген темада онлайн семинарга баарыңыздарды чакырабыз.
Көңүлдүү эс алуу каалайбыз!!!
- 14
Ошентип жаңы окуу жылынын алгачкы жумасы аяктады. Көңүлдүү эс алуу каалайбыз!!!
Билимге чакырган коңгуроо
- 14
Бүгүн биздин мектепте билимге чакырган коңгуроо кагылды. Билим күнү мектепте алгачкы сабактар Ата Мекенге жана тынчтыкка арналды. Мектеп босогосун жаңы аттап жаткан жаш бөбөктөрүбүздүн окуусуна ийгилик каалайбыз!!!
1-класстарды мектеп жашоосу менен тааныштыруу
- 17
Быйыл мектеп босогосун жаңы аттап жаткан 1-класстын окуучулары жана ата энелери үчүн мектеп жашоосун тааныштыруу иш- чарасы болуп өттү.
Мугалимдер таймашы
- 1
Башталгыч класстар жумалыгында мугалимдер арасында таймаш өткөрүлдү. Биздин таланттуу, чыгармачыл мугалимдерибизге ыраазычылык билдиребиз!
#СейтекТунгуч #ТунгучМектеби #SeitekTunguch #primaryschool #жумалык
БЧТ-3
- 2
Окуу жылындагы эң узун чейрек аягына чыгарына саналуу күндөр калды. 5-6-класстын окуучулары БЧТ-3 сынагын тапшырып жатышат. Окучууларга ийгилик каалайбыз!!!
#СейтекТунгуч #ТунгучМектеби #SeitekTunguch #primaryschool #БЧТ3
«Look Look» акыл оюну
4-Г класстын окуучулары логика сабагында. Алар «Look Look» деген акыл оюнун үйрөнүп жатышат.
#СейтекТунгуч #ТунгучМектеби #SeitekTunguch #primaryschool #логика
«Математика жашообузда»
- 8
Башталгыч класстардын жумалыгында 2-В классы «Математика жашообузда» деген аталышта сахналаштырылган ачык сабак өтүштү. Даярдаган мугалим эжелерине ыраазычылык билдиребиз!
#СейтекТунгуч #ТунгучМектеби #SeitekTunguch #primaryschool #математика
Шахмат ийриминин ийгилиги
- 13
Биздин шахмат ийримине катышкан окуучуларыбыз шаардык, облустук, региондук деңгээлдеги турнирлерге байма-бай катышып турат.
«Өспүрүмдөр жана жаштар спорт мектеби» (ДЮСШ) 23-февраль Ата Мекенди коргоо күнүнө карата өткөргөн шахмат турниринде
3-Б классынын окуучусу Нурмухаммед Садыков 12 жашка чейинкилерде 1-орун,
3-Г классынын окуучусу Акжолов Умар 12 жашка чейинкилерде 3-орун,
2-А классынын окуучусу Турганбаев Сейтек 9 жашка чейинкилерде 1-орун,
1-Г классынын окуучусу Акжолов Саид 9 жашка чейинкилерде 3-орунга ээ болушкан.
Эми 8-Март аялдардын эл аралык күнүнө карата өткөргөн шахмат турниринде
2-Г классынын окуучусу Сатыбалдиева Айбийке 9 жашка чейинкилерде 1-орун,
3-Б классынын окуучусу Камалидинов Алинур 9 жашка чейинкилерде 1-орун,
4-А классынын окуучусу Акматжанов Эмин 12 жашка чейинкилерде 3-орунга ээ болушту.
Окуучуларды жетишкен ийгиликтери менен куттуктайбыз жана тренерлери Элдияр агайга, Келсинбек агайга, Айбек агайга ыраазычылык билдиребиз!!! 💐💐💐
#СейтекТунгуч #ТунгучМектеби #SeitekTunguch #primaryschool #турнир #шахмат
Башталгыч класстардын жумалыгы
- 15
Башталгыч класстардын жана «Наристе» тайпасынын «Окуп үйрөнөмүн, изденем» деген аталышта жумалыгы башталды. Жумалык ачык сабактар, окуучуларга арналган кызыктуу тапшырмалар, «Акыл ордо» таймашы менен коштолмокчу. Баарыңыздарды активдүү катышууга чакырабыз!
#СейтекТунгуч #ТунгучМектеби #SeitekTunguch #primaryschool #жумалык
8-Март