Өткөн жуманын аягында 1-класстын ата-энелери волейбол боюнча турнир өткөрүштү. Катышкан ар бир ата-энеге ыраазычылык билдиребиз!!!
#СейтекТунгуч #ТунгучМектеби #SeitekTunguch #primaryschool #турнир
Өткөн жуманын аягында 1-класстын ата-энелери волейбол боюнча турнир өткөрүштү. Катышкан ар бир ата-энеге ыраазычылык билдиребиз!!!
#СейтекТунгуч #ТунгучМектеби #SeitekTunguch #primaryschool #турнир
2-Г классынын үй-бүлөлүк китеп окуу сынагы уланууда 👨👩👧👦📚📚📚
#СейтекТунгуч #ТунгучМектеби #SeitekTunguch #primaryschool #китепокуу #үйбүлө
1-февраль - Үндү чыгарып китеп окуунун дүйнөлүк күнү!!! Биздин мугалимдер жана окуучулар сиздерге көркөм окуп беришет!!!
#СейтекТунгуч #ТунгучМектеби #SeitekTunguch #primaryschool #көркөмокуу
Кыш келгенде адамдын организми витаминдерди талап кылат. 2-Д классы «Витаминдер» деген темада практикалык класстык саат өтүшүп, кайсы азыкта кандай витаминдер болот, кандай тамактануу керек деген суроолорго жооп табышып, витаминдер мол болгон жемиштерден салат жасашты.
#СейтекТунгуч #ТунгучМектеби #SeitekTunguch #primaryschool #витамин
Кышкы эс алуудан кийин бири-бирин абдан сагынып калган окуучулар танапис учурунда...
#СейтекТунгуч #ТунгучМектеби #SeitekTunguch #primaryschool #кыш
«Кызыл ай» коому уюштурган мүмкүнчүлүгү чектелген жана балдар үйүндө тарбияланып жаткан балдарга жаңы жылдык белек берүү акциясына биздин окуучулар жигердүү катышышты. Белектер балатынын астына чогултулуп, уюштуруучуларга өткөрүп берилди. Барыңыздарга терең ыраазычылык билдиребиз!!!
#СейтекТунгуч #ТунгучМектеби #SeitekTunguch #primaryschool #кызылай
1-жарым жылдыкты жыйынтыктап, шахмат ийримине катышкан окуучулар арасында «Сейтек» мектебинин чемпиону аныкталды. Турнир ар бир паралел класстар арасында өтүп, жыйынтыгында:Наристе тайпасы1-орун – Эралидинова Аделя2-орун – Осмонакунова Аруужан1-класстар арасында (балдар жана кыздар)1-орун – Акжолов Саид жана Сагынбаева Аниса2-орун – Кабаев Нарбото жана Исакова Аделя3-орун – Уланов Сулайман жана Абдулазизова Раяна2-класстар арасында (балдар жана кыздар)1-орун – Акматжанов Увейс жана Сатыбалдиева Айбийке2-орун – Турганбаев Сейтек жана Шаршенбекова Ажара3-орун – Болотбеков Кудаяр жана Кочкунова Алима3-класстар арасында (балдар жана кыздар)1-орун – Анваров Азизбек жана Манапбаева Арууке2-орун – Акжолов Умар жана Кошубаова Амина3-орун – Камалдинов Алинур4-класстар арасында (балдар жана кыздар)1-орун – Мырзаев Даниял жана Рахманова Айбийке2-орун – Мусуралиев Айдин жана Ысмаилова Айзирек3-орун – Акматжанов Эмин жана Насирдинова Нурайша5-класстар арасында (балдар жана кыздар)1-орун – Кайирдинов Атай жана Сатыбалдиева Аяна2-орун – Салымбеков Иса жана Ысмаилова Айзирек3-орун – Жаныбеков Расул жана Насирдинова Нурайша6-класстар арасында1-орун – Айылчиев Умарали2-орун – Шанаев Памир3-орун – Арапов Адилет
#СейтекТунгуч #ТунгучМектеби #SeitekTunguch #primaryschool #шахматтурнири
Биздин чебер окуучулар тарткан «Кышкы соната» аттуу сүрөт көргөзмөсү...
Бизде «Наристе» жана 1-класста окуп жаткан окуучулардын 1-жарым жылдык отчеттук концерти болду.
New success of our school:
Али Улукбеков: 2-орун
Competition: «Mathematics without borders»
Round: International round
Биздин окуучулар мектеп жашынан эле ар түрдүү жашылчаларды өстүрүүнү өздөштүрүшөт. 4-класстын окуучулары көк пияздын, петрушканын, помидордун, укроптун уруктарын сээп, аларды өстүрүп жатышат.
#СейтекТунгуч #ТунгучМектеби #SeitekTunguch #primaryschool #урук
"Элибиздин улуу инсандары" деген темада 4-А классында тарбиялык саат болду. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министринин орун басары Кайрат Иманалиев манасчы Саякбай Каралаев жана жазуучу Чыңгыз Айтматов жөнүндө окуучуларга кызыктуу маалыматтарды берди. Сабактын жүрүшүндө атактуу инсандардан Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Жамал Сейдакматова эжебиз Каныкейдин монологун, белгүлүү манасчы Самат Көчөрбаев «Манас» эпосунан үзүндү айтып беришти. Окуучулардын маданий жана руханий жактан байытууга салым кошкон уюштуруучуларга терең ыраазычылык билдиребиз!
#СейтекТунгуч #ТунгучМектеби #SeitekTunguch #primaryschool #класстыксаат
5-В классынын окуучулары өздөрү даярдаган чакан белектерин шаарыбыздагы "Айданек" өспүрүм балдардын донорлор борборунда тарбияланып жаткан окуучуларга беришти. Биздин окуучулар дайым кайрымдуулук иштерге жигердүү катышып келишет. Ыраазычылык билдиребиз!!!
#СейтекТунгуч #ТунгучМектеби #SeitekTunguch #primaryschool #балдарүйү
Оригами сөзү жапон тилинен алынган. Которгондо ори – бүктөө ками – барак дегенди түшүндүрөт. Б.а. кагазды бүктөп ар түрдүү нерселерди жасоо. Биздин оригами ийримине катышкан 2-класстын окуучулары кагаздан балаты жасаганды үйрөнүп жатышат. Азаматсыңар балдар!
#СейтекТунгуч #ТунгучМектеби #SeitekTunguch #primaryschool #оригами
Өткөн жуманын аягында Asia Mall до өткөн спорт стекинг турниринде 7-10 жаш категориясында 4-Д классынын окуучусу Алишеров Алияр 1-орунга ээ болду. Ошондой эле чоңдор арасында Алиярдын тренери, дене тарбия мугалими Нурлан кызы Айгерим эже да 1-орунга ээ болду. Сиздердин алган сыйлыгыңыздар менен куттуктайбыз!!!
#СейтекТунгуч #ТунгучМектеби #SeitekTunguch #primaryschool #спортстекинг
Бүгүн 5-6-класстарга 2-чейректе алган билимин текшерүү үчүн бирдиктүү чейректик тестирлөө болуп жатат. Кыргызстан боюнча жалпы «Сапат» башталгыч мектептеринин ортосунда өткөрүлгөн 1-чейректеги БЧТнын жыйынтыгы боюнча 601 окуучунун ичинен 6-Г классынын окуучусу Алиева Каусар 1-орунга, 6-Д классынын окуучулары Зарипбеков Айдын-Бурак 2-орун жана Ысмаилова Алтынай 5-орунга ээ болушту. Ал эми 5-класстардан 560 окуучунун ичинен 5-орунга 5-В классынын окуучусу Бекболотов Бекнур, 10-орунга 5-А классынын окуучусу Жылдызбек Фатма ээ болушту. Окуучуларга бул чейректе ийгилик каалайбыз!!!
#СейтекТунгуч #ТунгучМектеби #SeitekTunguch #primaryschool #бчт2
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимн күнү. Гимн 1992-жылдын 18-декабрында кабыл алынган. Бул расмий датага карата биздин окуучулар гимнди көркөм айтуу боюнча конкурс өткөрүштү.3-класстар арасында:1-орун 3-В классынын окуучусу Исламов Саид2-орун 3-В классынын окуучусу Жаныбаева Индира3-орун 3-Б классынын окуучусу Арзиева Хадича4-класстар арасында:1-орун 4-Д классынын окуучусу Молдоакматова Мелике2-орун 4-Д классынын окуучусу Абдиляева Асуде2-орун 4-Г классынын окуучусу Камчыбекова Даткайым3-орун 4-А классынын окуучусу Ысмаилова Айзирек5-класстар арасында:1-орун 5-А классынын окуучусу Жылдызбек Фатма2-орун 5-А классынын окуучусу Төлөнова Алия3-орун 5-А классынын окуучусу Эсенов Байжигит6-класстар арасында:3-орун 6-Д классынын окуучусу Абдыкалыкова Ханзада3-орун 6-Д классынын окуучусу Намазбекова Саида
#СейтекТунгуч #ТунгучМектеби #SeitekTunguch #primaryschool #гимнкүнү
New success of our school:
Алима Ширдакова : 3-орун
Competition: Кыргыз Республикасынын таэквондо академиясынын турнири
Round: International round
Бүгүн 4-класстардын арасында «Jeopardy» конкурсу болду. Конкурс англис тилинде өтүлөт. Жыйынтыгында 4-А классынын окуучуларынан куралган топ биринчи болушту. Бардык катышкан окуучуларга ийгилик каалайбыз!!!
#СейтекТунгуч #ТунгучМектеби #SeitekTunguch #primaryschool #Jeopardy
6-Г класстын окуучулары география сабагында «Дүйнөлүк океан» деген теманын негизинде топтордо иштөө менен ар бир океанды эксперимент аркылуу түшүндүрүп беришти. Азаматсыңар окуучулар!!!
#СейтекТунгуч #ТунгучМектеби #SeitekTunguch #primaryschool #дүйнөлүкокеан #географиясабагы
Powered by aSc EduPage