New success of our school:
Акдана Айбек кызы: 1-орун
Competition: Кыргыз Республикасынын таэквондо ГТФ III ачык чемпионаты
Round: National round
Жаңылыктар
Кыргыз Республикасынын таэквондо ГТФ III ачык чемпионаты - National round
Биз өнөрлүү балдарбыз!
2-класстын окуучуларынын арасында «Биз өнөрлүү балдарбыз!» деген темада кол өнөрчүлүк көргөзмөсү болду. Балдардын өнөрлөрүн сиздер менен бөлүшөбүз.
#СейтекТунгуч #ТунгучМектеби #SeitekTunguch #primaryschool #колөнөрчүлүк
23
Бүгүн Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү
Бүгүн улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Чыңгыз ата ар бир кыргыздын жүрөгүндө түбөлүккө жашай берет. Биз сиздин ысымыңызды ар дайым сыймыктануу менен айтып келебиз!!!
#СейтекТунгуч #ТунгучМектеби #SeitekTunguch #primaryschool #ЧыңгызАйтматов
Окуучулар ЭЛТРде
Бала манасчылардын конкурсунда байгелүү орунга ээ болгон 4-Б классынын окуучулары Нурамин менен Ариет устаты Асанаалы агай менен бирге бүгүн ЭЛТР каналынын чак түш программасында түз эфирде «Манас» эпосунан үзүндү айтып беришти.
#СейтекТунгуч #ТунгучМектеби #SeitekTunguch #primaryschool #баламанасчы
Бишкек мэриясынын маданият жана спорт башкармалыгы өткөргөн таэквондо боюнча ачык турниринин биринчилиги - Local round
New success of our school:
Алима Ширдакова : 3-орун
Competition: Бишкек мэриясынын маданият жана спорт башкармалыгы өткөргөн таэквондо боюнча ачык турниринин биринчилиги
Round: Local round
"Арстан" спорттук клубунун таэквондо боюнча ачык турниринин биринчилиги - Local round
New success of our school:
Алима Ширдакова : 1-орун
Competition: "Арстан" спорттук клубунун таэквондо боюнча ачык турниринин биринчилиги
Round: Local round
"Бирге окуйбуз" аттуу үй-бүлөлүк китеп окуу конкурсу
Жомоктор дүйнөсү балдардын аң сезимине чоң таасирин тийгизип, сөз байлыгын өстүрүп, аларды ыймандуулукка, адептүүлүккө тарбиялайт. Андыктан, окуучулардын китеп окууга болгон кызыгуусун арттыруу, үй-бүлөдө китеп окуу маданиятын өстүрүү максатында мектебибизде "Бирге окуйбуз" аттуу үй-бүлөлүк китеп окуу конкурсу старт алды.📚📚📚📚📚📚📚📚📚📚📚📚Бүгүнкү жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз!!!
#СейтекТунгуч #ТунгучМектеби #SeitekTunguch #primaryschool #Биргеокуйбуз
4
«Мир Роботов 2.0»
3-Г классынын окуучулары «Мир Роботов 2.0» көргөзмөсүнө барып келишти. Ал жакта роботтор менен ойносо ал эле эмес сүйлөшсө да болот. Көргөзмөгө роботтор АКШ, Орусия, Япония, Кытай, Франциядан алынып келинген.
#СейтекТунгуч #ТунгучМектеби #SeitekTunguch #primaryschool #мирроботов
1
Күнүмдүк буюмдардын тарыхы
Бизде тарых жана адеп жумалыгы уланып жатат. 6-класстын окуучулары чайдын, шахматтын, марафондун, акчанын жана комуздун пайда болуу тарыхын сахналаштырып түшүндүрүп беришти. Окуучуларга чоң рахмат!
#СейтекТунгуч #ТунгучМектеби #SeitekTunguch #primaryschool #тарыхжумалыгы #адепжумалыгы
17
4-декабрь - Манас күнү
4-декабрь - Манас күнү. Бул күндү утурлай республика боюнча «Манас» айтуу конкурсу өттү. 10 жаштан 20 жашка чейинки бала манасчылардан 54 бала катышып, биздин мектептин намысын 3 окуучу коргоп, 3-орунга ээ болушту.3-Г классынын окуучусу Акжолов Умар4-Б классынын окуучусу Курманбеков Ариет4-Б классынын окуучусу Төлөгөнов Нурамин
#СейтекТунгуч #ТунгучМектеби #SeitekTunguch #primaryschool #манасайтуу #манаскүнү
"Коопсуз чөйрө"
Ноябрь айында өтүлгөн "Коопсуз чөйрө" айынын алкагында 1-А жана 1-Г класстары "Өрт чыккан учурда кантип, кимге, кайсы номерге байланышып жардам сурашыбыз керек?" деген суроого жооп алуу үчүн, Бишкек шаарындагы өрт өчүрүүчү мекемелеринин биринде болуп, өрт коопсуздугунан кантип сактануу керектигин үйрөнүштү. Бишкек шаарындагы өрт өчүргүч кызматкерлерине терең ыраазычылык билдиребиз!
#СейтекТунгуч #ТунгучМектеби #SeitekTunguch #primaryschool #өрткоопсуздугу
3
5-класстар арасында "Акыл ордо" конкурсу
Бүгүн 5-класстар арасында тарых сабагынан «акыл ордо» таймашы болду. Суроолор өтүлгөн темалардын негизинде болуп, жыйынтыгында:
1-орунга 5-Б классы
2-орунга 5-Г классы
3-орунга 5-В классы
4-орунга 5-А классы
#СейтекТунгуч #ТунгучМектеби #SeitekTunguch #primaryschool #тарых #адеп #акылордо
5
Ар бир элдин бийинин тарыхы бар
Бизде тарых жана адеп жумалыгы башталды. Бүгүн 5-класстын окуучулары кыргыз, орус, япон, түрк, уйгур бийлерин аткарып жана бийдин келип чыгыш тарыхына кененирээк токтолуп, түшүндүрүп беришти. Биздин окуучулар – азаматтар!!!
#СейтекТунгуч #ТунгучМектеби #SeitekTunguch #primaryschool #тарых #адеп
21
«Робототехника» боюнча эл аралык мелдеш
Ушул тапта биздин окуучулар Эстонияда өтүп жаткан «Робототехника» боюнча эл аралык мелдеште күч сынашып жатышат. Окуучуларыбызга ийгилик каалап, байгелүү орундар менен келишет деп ишенебиз!
#СейтекТунгуч #ТунгучМектеби #SeitekTunguch #primaryschool #Робототехника
4
Судоку толтуруу
4-класстар арасында «Судоку» боюнча таймаш болду. Негизги эреже тез жана туура толтуруу. Жыйынтыгында:
1-орун 4-Д классынын окуучусу Алишеров Алияр
1-орун 4-В классынын окуучусу Эрмекова Арууке
2-орун 4-Д классынын окуучусу Жусупбеков Адиль
2-орун 4-Г классынын окуучусу Камчыбекова Даткайым
3-орун 4-Г классынын окуучусу Нуретов Алинур
#СейтекТунгуч #ТунгучМектеби #SeitekTunguch #primaryschool #судоку
17
«Манас руху – урпактарга улансын»
Саякбай Каралаевдин 125 жылдыгына карата «Манас руху – урпактарга улансын» деген аталышта жаш манасчыларды тандоо туру болуп өттү. Белгилүү манасчылар Назаркул Сейдирахманов, Рыспай Исаков, Асаналы Калил уулу, Нурбек Талантбеков, Муса уулу Төлөбек мырзалардын чечими менен
4-Б классынын окуучусу Төлөгөнов Нурамин
3-А классынын окуучусу Турганбаева Эркеайым
4-Б классынын окуучусу Курманбеков Ариет жана
топ менен Манас айтууда 4-В классынын кыздары мыкты деп табылып, диплом менен сыйланышты. Ошондой эле 4-декабрь Манас күнүндө финалдык турга катышууга жолдомо алышты.
#СейтекТунгуч #ТунгучМектеби #SeitekTunguch #primaryschool #СаякбайКаралаев #Манас
15
Окуучулар алгач жааган карда...
Окуучулар алгач жааган карда түшкү тыныгуу эс алуу учурунда көңүлдүү ойноп жатышат. Балалыктын эң таттуу көз ирмемдерин сиздер менен бөлүшүүп жатабыз
#СейтекТунгуч #ТунгучМектеби #SeitekTunguch #primaryschool #кар #кыш
20
Көңүлдүү эс алуу
2-Г классынын окуучулары ата-энелери менен "Royal sport" маданий эс алуу борборуна барып эс алып келишти. Балдарга жакшы шарт түзүп берген окуучубуз Кулматов Тариелдин апасы Насыйкат Кошалиева эжеге терең ыраазычылык билдиребиз!
#СейтекТунгуч #ТунгучМектеби #SeitekTunguch #primaryschool #Royalsport #эсалуу
4
Шахмат ийримине катышкан окуучулардын ийгилиги
Өспүрүмдөр жана жаштар спорт мектебинин (ДЮСШ) шахмат боюнча тандоо турниринде биздин окуучулар күч сынашып, эң мыкты көрсөткүчтөргө ээ болушту.
1-орун (10 жашка чейин) 2-Д классынын окуучусу Ахматжанов Увейс
1-орун (кыздар арасында) 4-А классынын окуучусу Рахманов Айбике
3-орун (10 жашка чейин) 3-Б классынын окуучусу Анваров Азизбек
3-орун (12 жашка чейин) 6-Б классынын окуучусу Айылчиев Умарали
Шахмат ийриминин жетекчилери Джаныбеков Элдияр жана Исакжанов Келсинбек агайларга жана окуучуларга ыраазычылык билдиребиз!!!
#СейтекТунгуч #ТунгучМектеби #SeitekTunguch #primaryschool #ДЮСШ #шахмат #шахматийрими
4
Менталдык арифметикадагы ийгиликтерибиз!
Грузиянын борбору Тбилиси шаарында өткөн менталдык арифметика боюнча эл арадык олимпиадага биздин окуучулар катышып, байгелүү орундарга ээ болуп келишти.
🥈 3-Г классынын окуучусу Жаныбаева Индира
🥉 6-В классынын окуучусу Орозбаева Лейла
Окуучуларга жана менталдык арифметика ийриминин жетекчиси Толбаева Касиет эжеге ыраазычылык билдиребиз!!!
#СейтекТунгуч #ТунгучМектеби #SeitekTunguch #primaryschool #менталдыкарифметика3